Голландиянын соту Ван Гогду өлтүргөн мусулманды өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратты

Мусулманчылыкта аялдардын басмырланышын айыптаган киночуну өткөн ноябрда Амстердамдын көчөсүндө атып кеткенин Мохамед Бойери моюнга алган. Бойери – Голландияда туулган, теги Мороккадан. Ван Гогдун өлүмү Голландияда расалар жана диндер арасындагы тирешүүнү курчуткан эле.