АКШда бүгүн "Дисковери" космос кемесин учуруу белгиленүүдө

АКШнын Космос агентиги - НАСА бүгүн "Дисковери" кемесин учурууну пландоодо. Учуруу Бишкек убактысы боюнча саат 20:39га белгиленген. Алгач "Дисковери" кемеси 13-июлда эле учурулмак, бирок айрым техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу кийинкиге калтырылган. Эгер бүгүн баары ийгиликтүү аяктаса, бул америкалык кеменин 2003-жылдын 1-февралында "Колумбия" кемеси коноор алдында кыйрап, 7 астронавт каза тапкандан кийин космоско алгачкы учуусу болот. "Дисковери" кемесинин экипажы да жети адамдан турат, алардын сапары 12 күнгө эсептелген.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.