Президенттин алдындагы Адам укугу боюнча комиссиясы билдирүү таратты

БИШКЕК. 25-июлда Президенттин алдындагы Адам укукгу боюнча комиссиясы билдирүү таратты. Анда май айындагы Өзбекстандагы Анжиан окуясына байланыштуу Кыргызстандын аймагына качып келип, баш паанек кылган бозгундардын бирөөсүн да Өзбекстанга кайтарып бербөө керек деп айтылат. Кыргызстан качкындар боюнча эл аралык милдеттерди алгандыгына, атуулдук жана саясий укуктар боюнча Эл аралык пактты ратификациялаганын эске алганда, өзбекстандык бозгундарды мекенине кайтарып берүү Кыргызстандын абройуна шек келтирет.

Ишемби күнү Элдик кыймылдын 5-курултайында президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Ош шаарындагы убактылуу жайда кармалып турган Өзбекстандык 29 атуулдун 12синин кылмыштарын эки өлкөнүн прокурорлору БУУнун өкүлдөрүнүн катышуусунда далилдесе, Өзбекстанга кайтарып берүү керек деген пикирин билдирген.