Көчмөн элдин спорт оюндарына көңүл бурулат

БИШКЕК. Алдыдагы үч жыл ичинде Ыссыккөл жээгинде көчмөн калктардын алгачкы спорт оюндары боюнча Евразия мелдеши өткөрүлөт. Бул маалыматты спорттун прикладдык түрлөрү боюнча Борбор Азия федерациясы таратты. Карате боюнча дүйнөнүн чемпиону Талай Эсеналиев билдиргенге караганда, бул сунушту жаңы өкмөт колдоого алууда. Учурда Монголия, Орусия, Кытай жана башка мамлекеттердеги көчмөн этностор сакталып калган аймактарынан спорттук эски оюндар жөнүндө материалдарды топтоо башталып жатат.