КЭК - Кыргызстан коомдук саясий кыймылына айланды

БИШКЕК. Кыргызстан элдик кыймылын «Кыргызстан» коомдук-саясий кыймыл деп атоо чечими кыймылдын 23-июлдагы бешинчи курултайында кабыл алынды. Курултайда жаңы коомдук-саясий кыймылдын 15 кишиден турган координациялык кеңеши түзүлдү. Ага Курманбек Бакиев баш болгон ыңкылап лидерлери кирди. Андан сырткары кыймылдын аткаруу комитети түзүлүп, анын төрагалыгына Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алишер Абдымомунов шайланды. Анын орун басарлыгына Данияр Үсөнов жана Топчубек Тургуналиев бекитилди. Кыргызстан элдик курултайы ошондой эле резолюция кабыл алды. Анда өлкөнүн өткөнүнө баа берилип, келечектеги өнүгүү багыттары аныкталган. Ошондой эле 24-мартты элдик ыңкылап күнү деп атоо сунушу да резолюцияда белгиленген.