Элчилер Баткенде

БАТКЕН. Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын Австриядагы, Венгриядагы, Словакиядагы элчиси Рина Прижвойт айым менен тышкы иштер министринин кеңешчиси Бактыгүл Каламбекова атайын иш сапары менен болушту. 22-июль күнү дипломаттар облустун Кызылкыя шаарын, ошондой эле Кадамжай, Баткен райондорунун эл активдери, ишкана жетекчилери менен жолугушуу өткөрүштү. Тышкы иштер министринин кеңешчиси Бактыгүл Каламбекова “дипломат регионго көңүл бөлүш керек, мурда да көңүл бөлүп келгенбиз, бирок биз инвестициялар кайсы регионго кетип жатканын билбейт элек”, деген оюн айтты. Баткен облусун мындан ары Кыргызстандын Австриядагы, Орусиядагы жана Тажикстандагы элчиликтери көзөмөлгө алмакчы.