Алмания президенти Хорт Көллер өлкөнүн канцлери Герхард Шрөдердин талабы менен кечээ күнү парламентти таркатты жана кезексиз парламентик шайлоону 18-сентябрда өткөрүү тууралуу жобого кол койду. Көллердин айтымында, парламенттик шайлоону белгиленген мөөнөттөн бир жыл мурда өткөрүү өлкө мыйзамдарына каршы келбейт.