Франция коргоо министри тажик президенти менен жолукту

Ооганстанга бараткан Франциянын коргоо министри Мишел Альо-Мари кечээ күнү кыска мөөнөткө Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына токтоп, өлкө президенти Эмомали Рахмонов менен жолукту. Тажикстанда азыр эки жүзгө жакын франциялык аскер бар, алар Ооганстандагы аскерий операцияларга колдоо көрсөтүүдө.