Өзбек бозгундарына сурак жүргүзүү жана сурамжылоо улантылды

ЖАЛАЛАБАТ. Тышкы иштер министрлигинин миграция департаменти менен миграция кызматынын түштүк аймагындагы бөлүмүнүн кызматкерлери өзбек бозгундарына качкын макамын берүү-бербөө маселесин чечүү үчүн сурамжылоо иштерин улантышты. Мындай маалымат 18-июлда миграция кызматынын түштүк бөлүмүнүн төрайымы Нурила Жолдошевадан алынды. Нурила Жолдошеванын билдирүүсү боюнча, 366 бозгун менен сүйлөшүүлөр болуп, интервью алынды. Облустук прокуратуранын тергөө тобу бозгундар арасында Анжиян окуясына күбө катары Өзбек Республикасынын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү боюнча сурак жүргүздү. Алар 100дөн ашык бозгундун 13-майдагы окуяга кандайча күбө болгондугун териштиришет. Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүнүн аймагында 426 өзбек бозгуну баш калкалоодо. Алардын 76сы аял, 17си бала, калганы эркек кишилер.