ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИ ТАРАТУУ ЗАРЫЛБЫ?

Жогорку Кеңеш тарайбы же мөөнөтү бүткөнгө чейин иштейби деген маселе президенттик шайлоодон кийин кайрадан курчуй баштады. Мындай жагдайга «Эркиндик» саясий партиясынын жаңы демилгеси да негиз берип жатат. Топчубек Тургуналиев жетектеген бул партия жакында чукул жыйын өткөрүп, парламентти таркатуу максатында кол топтоо маселесин талкуулаганы жатат.
Жогорку Кеңеш Баш мыйзамга ылайык март ыңкылабынан кийин легитимдүү бирден бир бийлик бутагы катары ишке кирип, убактылуу өкмөттү түзүп, кырдаалды жөнгө салууга олуттуу салым кошту. Мындай пикирин жакында парламенттин үч айлык ишинин жыйынтыгы боюнча уюштурган маалымат жыйынында Өмүрбек Текебаев билдирди. Муну төрага экс-президенттин отставкасын кабыл алуу, өкмөт башчыны, башкы прокурорду, эсептөө палатасынын башчысын дайындоо, 20дан ашык токтомдордун кабыл алынышы өңдүү парламент чечкен маселелер менен негиздейт.

Анткен менен, жаңы парламентти таратуу талаптары март окуясынан бери маал-маалы менен коомчулуктун ар кайсы топтору тарабынан коюлуп келаткан талаптардын бири. Бирок мындай божомолдун көбүрүп жабырышына убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн парламент менен кызматташаары тууралуу президенттик шайлоо алдындагы билдирүүлөрү чек койду.

Президенттик шайлоодон кийин бул маселеге жаңы шайланган президент Курманбек Бакиев дагы бир ирет кайрылды:

- Мен бүгүнкү күнгө чейин парламент тарасын деп бир да жолу айткан жокмун. Эми Кыргызстанда саясатчы көп. Ар бир саясатчы өз көз карашын айтууга укугу бар. Андай сөздөр болгон. Бирок мен ойлойм, азыркы парламент эл шайлаган президент менен бирге өкмөттүн курамын түзүп, иштеп көрүш керек.

Бакиевдин кыйытканына караганда, парламентти таратуу президент, өкмөт менен иштеше албаган шартта гана козголушу ыктымал.

Парламент өкмөттүн ишине бут тосуп жатат деген көз караштагы саясатчылардын бири - Кыргызстан элдик кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев. Ошондуктан, ал жетектеген «Эркиндик» саясий партиясы парламентти токтоосуз таратууга кызыкдар:

- Бул Жогорку Кеңешти сөзсүз түрдө кетириш керек. Себеби 24-марттагы ыңкылаптын акыркы эң чатак себеби ушулар болгон. Акаевчилер басымдуу көпчүлүк болуп отурат. Миллиондогон акчаларды жеп, добуштарды сатып алып, кыргызды кыргыз менен, түштүктү түндүк менен кагыштырып келген депутаттар отурушат.

Топчубек Тургуналиев Өмүрбек Текебаев жетектеген азыркы парламент Курманбек Бакиев башында турган өкмөткө бут тосуусун мындан ары да күчөтөт деген ойдо. Анын жаңы мисалы катары саясатчы «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамды айтат. Андан мурдараак Башкы прокурор Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңеш кабыл алган бул мыйзам коррупция жана кызматтык кылмыштарга байланыштуу шектелип жаткан бардык таасирдүү адамдарды калкалап калат экен, ошондуктан, бул мыйзамды Бакиев колдобошу керек деген билдирүү жасаган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев өкмөт менен бийликтин ортосунда тирешүү жок, өкмөттү сындоо, талап кылуу, жагдайдан чыгуунун жолдорун издөө - бул кадимки эле кызматташтык мамиле дейт. Ал эми парламенттин тараары тууралуу пикирлерди жагдайга жараша көбөйүп, кайра басаңдап турчу коомдогу көрүнүш катары санайт жана парламентти мыйзамсыз бийлик деп айткан тараптарга кошулбайт:

- Мыйзам боюнча парламентти таратууга эч кандай негиз жок.

Анткен менен, коомчулукта кырдаал курчуп кетсе, парламентти таратуу маселеси күн тартибине коюлушу ажеп эмес экендиги айтылууда. Ага ириде өкмөттүн курамын бекитүү маселеси шылтоо болушу ыктымал. Ага кошумча, жакынкы күндөрү парламентти таратуу максатында «Эркиндик» саясий партиясы кол топтоого киришерин жарыялады. Бул демилге партиянын чукул өткөрө турган 23-июлдагы курултайында каралганы жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун баамында, парламенттин мындан аркы ишмердүүлүгүн жаңы саясий нукка жараша аныктоого болот, бирок кандай болгон шартта да азыр тил табышкандан өтөөрү жок:

- Эми ал көбүнэсе жаңы саясатка, жаңы өзгөрүүлөргө, азыркы лидерлердин компромисти таба билүү жөндөмдүүлүгүнө жараша болот. Менин оюмча, тил табышып, бирдей саясат жүргүзүп кеткен саясаттан өтөөр саясат жок.