БИШКЕК. Мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев тартип коргоо кызматкерлерине сурак берүү үчүн 14-июлда Кыргызстанга келди. Мындай маалымат Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдон алынды. Анын айтымында, Николай Танаевдин Кыргызстанга келишинде анын жеке коопсуздугун сакталышын бир катар Жогорку Кеңештин депутаттары мойнуна алышты.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан мындан бир нече күн илгери мурдагы өкмөт башчы Николай Танаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өлкө казынасына ири суммадагы акча зыян келтирген деген айып коюлуп, кылмыш иш козголгон.