ШАЙЛООДОН КИЙИНКИ ӨКМӨТТҮН АЛГАЧКЫ КЕҢЕШМЕСИ

14-июлда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев президенттик шайлоодон кийин алгачкы ирет өкмөттүн кеңешмесин өткөрдү. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов баш болгон бир катар вице-премьер-министрлер, министрлер катышкан жыйында кышка даярдык жана эгин жыйноо маселеси талкууланды.
Жыйынга төрагалык кылган Курманбек Бакиев өкмөт мүчөлөрүн саясатты токтотуп, ишке чакырды:

- Бардык саясий иштерди токтотолу. Мына эл ишенимин көрсөтүп, аткаруу бийлигин чоң үмүт менен карап турат. Ушулардын колунан бирдемке келер бекен деп күтүп турат. Эми ишеничти актайлы.

Курманбек Бакиевдин айтымында, айрым өкмөт мүчөлөрү азырга чейин саясат менен алек болууда. Ошондуктан, ким өкмөттө иштеймин десе - ал иштеп, саясат менен алектенем дегендер башка жерде болууга тийиш.

Андан кийин айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министринин милдетин аткаруучу Абдималик Анарбаев маалымат берди. Анын айтымында,быйылкы жылы дан эгиндеринен түшүм 1миллион 860 миң тонна, же өткөн жылга салыштырмалуу 60 миң тонна көп болору күтүлүүдө.

Курманбек Бакиев менен Феликс Куловду дыйкандарды күйүүчү май менен камсыздоо маселеси кызыктырды. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов күйүүчү май менен дыйкандар жогору эмес баада камсыз болоорун билдирди:

- Бүгүнкү күндө эки компания келишим түзүп, 7.5 миң тонна күйүүчү май алып келатат. Ошондуктан таңсыктык болбойт. Андан сырткары 37 күнгө жете турган запас өзүбүздө да бар. Оруп-жыйуу ишине күйүүчү май жетиштүү болот.

Келечектеги өкмөт башчы катары Феликс Куловго кайрылган Бакиев, базар экономикасына каршы келген бардык токтомдорду, мыйзамдарды токтотууну тапшырды:

- Феликс Шаршенбаевич, бардык даярдыктарды көрүп, парламенттин алгачкы жыйынына бул маселени алып чыгыңыздар. “РЕЕМТСМА” фирмасына парламент аркылуу артыкчылык берилген экен аны да карап көргүлө. Биз базар шартында жашап жатабыз, бардык тараптарга бирдей шарт берилиш керек. Ал эми тамеки, төө буурчак, картошкасын сатууга дыйкандарга бул жылы тоскоолдук жасалса- ага жол бергендер жазасын алат. Дыйкандардын түшүмүн сатып алууда монополияга жол берилбесин.

Феликс Куловго ошондой эле кышка даярдык көрүү маселесин көзөмөлгө алуу, анда кемчилик кетирген жетекчилерди дароо кызматтан алуу тапшырылды. Биринчи вице-премьер-министрге ошондой эле акыркы кезде күчөгөн ишкерлерди текшерүүлөдү токтотуу да жүктөлдү . Курманбек Бакиев “Камбарата-2” ГЭСин курууну жергиликтүү куруучулар менен улантуу маселесин көтөрдү.

Буга чейин бир катар талдоочулар 24-марттагы ыңкылаптан кийин бийликке келген вице-премьер-министрлер, министрлер менен Феликс Куловдун ынтымакка келип, бир командада иштеши кыйын болорун жана мына ушунун айынан саясий кризис чыгышы ыктымалдыгын белгилешкен. Буга Феликс Кулов менен Данияр Үсөновдун маалымат каражаттары аркылуу бири-биринин дарегине сын айтуусу да кошумча болгону маалым.

Бирок 14-июлдагы жыйында Курманбек Бакиев, ыңкылапчыл командага белги берип, келечектеги премьер-министр катары Феликс Куловго бардык милдеттерди жүктөп, өкмөт башчынын милдетин азыртан эле буйдалбай аткарууну тапшыргандай болду.