УЛАН МЕЛИСБЕК: “КЫРГЫЗ ЫҢКЫЛАБЫНА САЛЫМЫБЫЗ ЧОҢ” (2-БӨЛҮК)

Кыргыз тилинде саясий сайт иштеткен Улан Мелисбек жакында ГАЗЕТА.КГ деген сайтты чыгара баштады. Арийне, Интернетте мурда да ушул эле аталыштагы Леонид Ремпелдин оппозициячыл сайты бар эле. Бирдей аталыштан улам чыккан чырдын айланасында Улан Мелисбек “Азаттыктын” Вашингтон студиясында маек курду. Жаңыл Жусубжандын суроолоруна жооп берип жатып, Улан ошондой эле Интернетте кыргыз тилиндеги сайттарды көбөйтүү көйгөйү боюнча өз пикирин билдирди.