АКШ БАЗАСЫ ЧЫКСЫН, ЧЫКПАСЫН...

Чолпон Орозобекова , Бишкек ШКУнун Астанадагы жыйынынын декларациясында америкалык куралдуу күчтөрдү Борбор Азиядан чыгаруу маселеси көтөрүлгөндөн кийин Кыргызстанда америкалык аскердик базанын тагдыры тууралуу талкуу күч алды. ШКУ кыргыз бийлигинен муну талап кылган жок, ультиматум да койгон жок дешет айрым саясатчылар. Баткен окуяларын баштан кечирген Кыргызстан төрт жыл мурда базаны коопсуздук үчүн киргизген болсо, эми экономикалык кызыкчылык үчүн бул базаны кармап турганы оң деген да пикирлер бар.
ШКУнун Астанада өткөн жыйынында Ооганстанда кырдаал турукташкандыгына байланыштуу америкалык куралдуу күчтөрдүн Борбор Азияда турушунун мөөнөтү жөнүндө сөз козгошкон. ШКУга кирген алты мамлекеттин ичинен Өзбекстан менен Кыргызстанда америкалык аскердик база бар.

Ырасмий Вашингтон ШКУнун бул декларациясына ачык бир жактуу жооп айткан жок. Бирок АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү Лоуренс ДиРита «Озбекстан менен Кыргызстан өз аймагында америкалык куралдуу күчтөрдүн жайгашышын колдойт» деп билдирген. Бирок аскердик базанын чыгарылышынын мөөнөтүн айткан жок. ШКУнун бул декларациясынан кийин кыргыз коомчулугунда аскердик базанын тагдыры жөнүндө талкуулар жанданды.

Тышкы иштер минитсри Роза Отунбаева ШКУнун бул декларациясы кыргыз бийлигине коюлган талап же ультаматум эмес дейт:

- Биз бул база канчалык узакка турат деген гана маселе коюп жатабыз. Бул талап эмес, ультиматум дагы эмес. Америкалык аскердик базанын туршу, албетте, эки тараптуу экономикалык киреше берип атат. Терроризм жана экстремизм коркунучу күчөп турганда бул базанын келиши менен Кыргызстан ишенимдүү коргонуу ала алды. Бул базанын жайгашынын оң жактарын да унутпашыбыз керек. Кыргызстан ШКУга да мүчө. Дүйнөдө мындай союздар көп, биз диалог аркылуу жашап атабыз. Бирок азыр фаза башка, андыктан бүгүн база боюнча суроо келип чыгып атат.

Айрым байкоочулар Кыргызстан бул базадан көрүп жаткан экономикалык кызыкчылыкты жогору койгону оң деп жатышат. Мурдагы вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев базанын чыгарылышынан Кыргызстан уттурат деген оюн билдирди:

- Бул базадан Кыргызстан жамандык көргөн жок. Качаналаган адамдарга жумуш орундары түзүлдү, биздин канчалаган товарларыбызды сатып алып атышат. Япон өкмөтүнөн кредит алып, «Манас» аба майданын оңдодук, эми ошол акчаны базадан түшкөн каражаттан төлөп берип атабыз. Кыргызстан азыр бул базаны чыгарып ийсе уттурат.

Жоомарт Оторбаевдин айтымында, америкалык базадан түшкөн чыгым каякка кетип атканын укук коргоо органдары териштирет, а бирок «жалпысынан Кыргызстанга баш аягы 100 миллион доллардан кем эмес каражат түштү» дейт.

Коммунисттик партия эл аралык коалиция куралдуу күчтөрдү келтирүү маселеси 2001- жылы парламентте талкууланып атканда эле каршы чыгышкан. Коммунисттик партиянын өкүлү, экс-депутат Орозбек Дүйшеев бул аскердик базанын Кыргызстанга зыяны көбүрөөк болду дейт. Анын пикиринде, Кыргызстан америкалык аскердик базаны кармап турганы менен Орусия, Кытай өңдүү шериктештеринин мамилесин салкындатып атат деген ойдо:

- Бул базанын Кыргызстанга кереги жок. Ал турган сайын КМШ мамлекеттеринин жана Кытайдын бизге карата көңүлү башкача болуп атат. Бул базанын пайдасынан зыяны көбүрөөк болду. Ага караганда Кытай менен Орусия чын дилден жардам берет. Мына Кытайды алалы, мамиле оңоло түштү эле, дароо темир жол куруу маселеси боюнча чечкиндүү сөздөрдү айта башташты.

Жогорку Кеңеш терроризмге каршы эл аралык коалиция менен келишимди 2001- жылы декабрь айында ратификациялаган. Дания, Франция, Улуу Британия өңдүү коалицияга кирген мамлекеттердин куралдуу күчтөрү чыгарылып кетип, учурда бул аскердик базада 1000ге чукул америкалык аскер бар.