Лондон полициясы өткөн бейшембиде шаарда террор актыларын жасаган төрт адамдын аты-жөнү белгилүү болгонун кабарлады. Кечээ Лондон полициясынын ырасмий өкүлү Питер Кларк ал төрт адам бир убакта вокзалга түшкөнүн, буга видеокамерага тартылган тасма да далил экенин айтты.
- Биз азыр бул төрт адам Лондонго 7-июль-бейшемби күнү чогуу келишкенин билебиз. Алар эртең менен саат сегиз жарымдарда “Кингс Кросс” вокзалына түшүшкөнү видеокамерага тартылып алынган, - деди Кларк.
Полициянын айтымында, ал төрт кишинин бирөөсү жардыруу учурунда өлгөнү тастыкталды. Ал эми калган үчөөсүнүн өлүк-тириги иликтенип жатат.