Ички иштер министрилиги кадимки шартта иштөөгө өттү

БИШКЕК. 12-июлдан тарта Ички иштер министрлиги кадимки режимде иштөөгө өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 17-июнда өкмөт үйүн басып алуу аракетинен кийин тартип коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүшкөн эле. Учурда өкмөт үйүн кайтаруу милдетин Улуттук гвардиянын аскерлери аткарууда.