ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУНУН ТАРАПКЕРЛЕРИ НААРАЗЫ

  • Ырысбай Абдыраимов
Президентке талапкер Турсунбай Бакир уулунун Жалалабат облусундагы шайлоо штабы 10-июлдагы президенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолуп, талапкердин ишенимдүү кишилери жана байкоочулары токмоктолгонун билдиришүүдө. Ошондой эле алар шайлоонун активдүү өткөндүгүнө ишенбей жатышат. Ал эми шайлоодо утуп чыккан Курманбек Бакиевдин шайлоо штабы менен облустук шайлоо комиссиясы Турсунбай Бакир уулунун жактоочуларынын айткандарын ырасташкан жок.
Президенттикке талапкер Турсунбай Бакир уулунун Сузак районундагы шайлоо штабынын башчысы Бахрамжан Хаитовдун баасы боюнча мыйзам бузуулар коштолгон Блоговешенко шайлоо участогунан айрым адамдардын зомбулугунан араң качып кутулган жана ал шайлоону туура эмес өттү деп эсептейт.

- Үкөккө бир адам эки, үч бюллетенден алып таштап кетип жатышты. Акт жазалы десек биз эч кимибиз кол койбойбуз, кайсыл жерге барсаң барабер дешти. Мисалы Бакиевдин адамдары урду. Мен эки жолу таяк жедим. Блоговешенкодо, милициясы, прокурору бардыгы Бакиеге иштеп жатышат.

Исмаил Исаков аттуу шайлоочу шайлоочулардын көп добуш бергендигине ишенбейт:

- Себеби адам аз келген. Мынчалык эл көп келген эмес. Президенттик полномочиесин тапшырып туруп кылбаса, сөзсүз басым болот экен. Бардык бийлик колдо болуп туруп, бүткүл адамдарга басым болуп жатат

Турсунбай Бакир уулунун облустук шайлоо штабынын башчысы Шайырбек Маматокторовдун пикирине караганда, 10-июлдагы шайлоодо адам укугу эске алынбастан талапкердин бир нече жактоочулары ыдык көрүшүп, бир киши ондон бюллетень таштаган учур болду.

- Кодексте канча мыйзам болсо тандабастан баардыгы тегиз бузулду. Ар бир киши ондон бюллетень алып келип, таштап жатат. Ал үкөккө батпай жатат. Мен көрүп турдум. Анын командасы иштеп жаткан бул жактагы адамдарды уюштурганбы же алардын талапкеринин өзүнүн демилесиби анысы белгисиз. Далил - менин адамдарыма аябай чоң басым жасалды. Бул - депрессия. Бул - зордуктоо

Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымовдун болжолунда, ыңкылаптан кийин элдин аң сезими өскөндүктөн шайлоо активдүүлүк менен өттү.

- Шайлоого элдин активдүүлүгү көбү - өзүлөрү келип, добуштарын Кыргызстандын келечеги үчүн берип жатышканында болду. Данияр Үсөнов баш болгон комиссиялар мүлктөр тууралуу иштеп, элге жарыя кылды эле. Бул дагы чоң таасир берди деп ойлойм.

Турсунбай Бакир уулунун штабы каттаган мыйзам бузууну Блоговешенко айылынын тургуну Адылбек Сыдыков байкаган эмес.

- Биздин өкүлдөргө катышууга эч кандай биз жактан кысым болгон жок. Чыр-чатак, эч кандай уруш-жаңжал болгон жок. Мен ошол жерде эртеден кечке дейре болдум. Андай нерселерди көргөн жокпуз. Сыртыбыздан гана жанакындай сөздөрдү айтып жатышыптыр. Мен мындай нерсеге кошула албайм

Курманбек Бакиевдин облустук шайлоо штабынын башчысы Нургазы Маматов нааразы тараптын билдирүүсүн ушак катары баалады.

- Милиция кызматкерлери, же догдур бар ал жерде. Баарына кайрылса болот эле. Ошолордун далили болсо баарына кайрылса болот эле, бизге келсе деле болмок. Эч кандай андай нерсе болгон жок. Эми бул ушак нерселер