Жаңы президент Феликс Куловду өкмөт башчылыкка көрсөтөт

БИШКЕК. Мурда макулдашылгандай «Арнамыс» саясий партиясынын жол башчысы Феликс Кулов өкмөт башчылык кызматка сунушталат. Мындай пикирин жаңы шайланган президент Курманбек Бакиев шайлоодон кийинки алгачкы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, март окуясынан кийин куралган убактылуу өкмөттүн курамында олуттуу өзгөрүү болбойт. Курманбек Бакиев ошондой эле маалымат жыйынында президенттик шайлоодо жетишкен өзүнүн ийгилигин март ыңкылабынын, элдин жеңиши катары баалап, жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдирди.