БШК ТӨРАГАСЫ: "КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИ КУРМАНБЕК БАКИЕВ"

Төрөкул Дооров, Прага 11-июль күнү таң эртеү менен - 7.30да Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдыраимов телефон аркылуу "Азаттыкка" интервью берди. Ал өз сөзүндө Курманбек Бакиев шайлоонун жыйынтыгында Кыргызстандын президенти болуп шайланганын маалымдады. Ошентип "Азаттык" бул маалыматты биринчи болуп элге айтты.
Төрөкул Дооров: - Туйгунаалы мырза мени угуп жатасызбы? Кайсы талапкер канча пайыз добуш менен алдыда келатат? Акыркы маалыматтар тууралуу айтсаңыз?

Туйгунаалы Абдыраимов: -Акыркы маалымат боюнча мен үйгө саат таңкы беште жеттим. Ошондо 90% участоктон келген протоколдор каралып, эсептелип чыккан. Ошондо 88% менен Курманбек Бакиев биринчи орунда. Экинчи орунда 5,2% Акбаралы Айтикеев, 5% Турсунбай Бакир уулу, 1% Жыпар Жекшеев, 0.7% Токтайым Үмөталиева менен Кеңешбек Дүйшөбаев болучу. Бул эми алгачкы маалыматтар. Азыр барганда дагы калган участоктордон протоколдор келген болуш керек. Азыр саат сегизде телеэфирге чыгып, телекөрүүчүлөргө дагы маалымат берем.

Төрөкүл Дооров: - Президенттикке талапкерлердин айрымдары кечээ добуш берүү жараяны учурунда мыйзам бузуулар болгонун айтып жатышты эле. Токтайым Үмөталиева, Жыпар Жекшеев, Турсунбай Бакир уулу айрым шайлоо участокторунда адамдарды автоунаа менен алып баруу же бекер тамак-аш таркатуу өңдүү көрүнүштөр болгонун айтышты. Сиздин булардан кабарыңыз барбы?

Туйгунаалы Абдыраимов: - Негизинен биздин мыйзамга ылайык жергиликтүү бийлик автоунаалардын жүрүшүн камсыз кылыш керек. Бул боюнча мыйзам бузуу жок. А бирок негизинен айрым участоктордо мыйзам бузуулар болду. Биз колдон келген чараны көрүп жаттык. Бирок азыр көп байкоочулар менен түнү менен кездештик. Азыр да пресс-конференция берип жатат. Эл аралык байкоочулар, ички байкоочулар, бардыгы негизинен шайлоо жакшы өттү. мурдакы шайлоолорго караганда бир топ таза, ачык өттү деген ойлорду айтып жатышат. Биз үчүн бул өтө жакшы маалымат болуп жатат.

Төрөкул Дооров: - Туйгунаалы мырза бул жолку шайлоодо эл аралык, жергиликтүү байкоочулардын саны көп болгону белгилүү. Сизге алардан шайлоого карата сын пикирлер түшүп жатабы?

Туйгунаалы Абдыраимов: -Сын пикирлер айтылып жатат. Мисалы, кээ бир участоктордо билип-билбей кээ бирөө жини менен туура эмес иштерди жасап койгон. Мисалы, Университет участогунда негизги тизмени таптакыр эле азайтып алышыптыр. Студенттер үйүнө кетип калат деп. Бирок кошумча тизме негизги тизмеге караганда көп болуп кеткен. Бул мыйзамга туура келбейт. Кошумча тизме анча мынча эле көп болуш керек негизги тизмеден. Кээ бир жерлерде Эдил Байсалов жетектеген коалициянын байкоочуларына бир аз туура эмес мамиле кылышып, кысым көрсөтүүгө аракет кылган жерлери болгон. Бирок негизинен жалпы Кыргызстан боюнча алып келсек бул болор-болбос эле жетишпестиктер.

Төрөкул Дооров: - Кыргызстандагы президенттик шайлоо бул акыркы он беш жылдан бери Кыргызстанда жаңы бийлик келээрин аныктап жатат го. Андыктан ушул тапта жалаң эле кыргызстандыктар эмес, бүтүндөй эле эл аралык коомчулук кызыгуу менен карап турса керек. Сиз өзүңүз кандай ойлойсуз, кечээ президенттик шайлоо чынында эле демократиялык стандарттарга жооп бердиби?

Туйгунаалы Абдыраимов: -Сиз туура айтасыз. Бизге ошо шайлоо ачык өтүшүнө эл аралык, коомдук көз салыш үчүн бир миңден ашык эл аралык байкоочу келди. 280 эл аралык журналист келди. Негизинен бул жерге элдин катышышы - эл жаңы бийликтен үмүт кылып, алдыда бийлик жетсе көп жакшы иштер болобу деген үмүт менен шайлоого жакшы катышып беришти. Мен өзүм кечээ Көкжар айылынын тургуну катары шайлоого баратып, сексенге чыккан аксакалды көрдүм ал биз жакка өтүп келип буларды айтты: “Балдарым, мен сексенге чыктым, акыркы он беш жылда биздин мамлекетте көп жаман иштер болду. Азыр эми таң атып келатат. Ушул жашка келгениме, күндүн ысыгына карабай шайлоо участогуна баратам. Балдардын, неберелердин келечеги жакшы болсун деп”. Ошондой үмүт менен негизинен элдин катышуусу өтө жакшы болду. Чоң үмүт байлашып, Курманбек Салиевич Бакиевди өтө чоң процент менен ушунтип шайлап беришти.

Төрөкул Дооров: - Туйгунаалы мырза, акыркы суроом ушул нукта болмокчу. Кыргызстандын келерки президентинин атын азыр атай аласызбы?

Туйгунаалы Абдыраимов: -Курманбек Салиевич Бакиев.

Төрөкул Дооров: - Туйгунаалы мырза, биздин суроолорго жооп бергениңиз үчүн сизге чоң ырахмат.

Сүрөттө: Президент Курманбек Бакиев.