УРМАТ БАРКТАБАСОВ 17-ИЮНЬ ОКУЯСЫНЫН АРТЫНДА КИМ ТУРГАНЫН АЧЫК АЙТАБЫ?

Чолпон Орозобекова , Бишкек Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева 9-июлда чет өлкөлүк журналисттер менен жолукту. Алардын суроолоруна жооп берген Роза Отунбаева негизинен өлкөдөгү акыркы кырдаалга, конституциялык реформага байланыштуу иштерге токтолду.
Роза Отунбаева шайлоодон кийин Кыргызстанда тез арада конституциялык реформа жүргүзүлөт деп билдирди. Чет элдик маалымат агенттиктери бул Башмыйзам кандайча кабыл алынаарына кызыгышты. Роза Отунбаеванын пикиринде, жаңы Конституция референдум аркылуу кабыл алынмакчы. Министр айым Кыргызстан президенттик-парламенттик республика болот деген ишенимин айтты. Анын оюнча, парламент сотторду, элчилерди жана өкмөт мүчөлөрүн бекитип жатат, андыктан президенттик- парламенттик республиканын босогосун эчак аттаганбыз.

Жолугушууда азыркы парламенттин тагдыры туурасында да сөз болду. Министр айым коомчулукта Аскар Акаевдин батасы менен келген адамдар көп болгондуктан бул парламентти таратуу жөнүндө пикирлер бар экенин айтты. Бирок бул Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени өтөт этият жана оор кабыл алышаарын, андыктан өз күчүн көрсөтүү далалаты менен катуу иштеп жатышканын да айтты. Роза Отунбаева бул парламентти таратыш керек деп да кесе айткан жок, “бул парламент менен биз реалдуулуктар талап кылганча жашайбыз» деп билдирди.

Жолугушуу соңунда Роза Отунбваева журналисттерге Урмат Барктабасовко байланыштуу бир кабарды ачыкка чыгарды. Башкы прокуратурадан алынган маалыматка караганда, ИИМ тарабынан издөөдө жүргөн Урмат Барктабасов 17- июндагы тополоңго байланыштуу суракка келүүгө макулдугун билдирип жатыптыр:

- Барктабасов Башкы прокурорго келгени жатат. Сурак берет, 17-июндагы окуяга ким түрткөн, ким буйрук кылган бүт баарын ачык айтып берет. Бул жөнүндө Башкы прокурордун өзүнөн уктум.

Вице-премьердин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров журналисттерге 17-июндагы окуяны экс-президент Аскар Акаев телефон аркылуу башкаргандыгын далилдеген материалдар бар деп билдирген. Коомчулукта буга ишенгендер да, ишенбегендер да бар.

Мурдагы губернатор Накен Касиев өкмөт үйүнө чабуулга Акаевдин тиешеси барына анча ишенбей турам дейт:

- Мен бул маалыматты теледен уктум. Бирок анча деле ишенбей турам. Улуттук коопсуздук кызматынын колунда балким өз далилдери бардыр, бирок менин ошонун чын экенине көзүм жетпей турат.

17- июндагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссия өз ишин жыйынтыктаган. Айрым маалыматтарга караганда, атайын кызматтардын колунда Аскар Акаевдин 17-июнь күнкү телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн айрым учурлары бар. Жакында коопсуздук кеңештин бул тополоңго арналган атайын жыйыны болуп, анда баары ачыкка чыгарылат.