Үгүт иштери мыйзам чегинде өткөрүлдү

БИШКЕК. Үгүт иштеринин жүрүшүндө президенттикке талапкерлер тарабынан мыйзам бзуулар болгон жок. Бул тууралуу 9-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Бирок шайлоо комиссиясына айрым талапкерлерди колдобоого чакырган баракчалар таркатылгандыгы жөнүндө маалыматтар түшкөн. БШКнын атайын тобу аларды иликтеп, баракчалардын таратылышын провокациялык иш катары баалады. 14-июндан 9-июлга чейин өлкө башчылыгына 6 талапкер – Акбараалы Айтикеев, Курманбек Бакиев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Жыпар Жекшеев, Турсунбай Бакир уулу жана Токтайым Уметалиева үгүт иштерин жүргүзүштү. Алар жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугуп, өздөрүнүн программалары менен тааныштырышты. Кыргыз телевидениесинде талапкерлер дебаттарды өткөрүштү.