Ф. Кулов: “Шайлоо тынч өтөт”

БИШКЕК. Кыргызстанда президенттик шайлоо тынч маанайда, мыйзам чегинде өтүп, ага шайлоочулардын катышуу деңгээли жетиштүү болот. Мындай пикирин 6-июлда «Атуулдар акыйкат шайлоо үчүн» комитетинин төрагасы Феликс Кулов маалымат каражаттарына билдирди:

- Шайлоо учурунда кандайдыр бир топтордун бейбаштыктарына, башаламандыктарга жол берилбейт. Ал үчүн баардык чаралар көрүлүүдө. Кырдаал көзөмөлдөнүп турат. 24-марттагыдай талап-тоноолор болбойт. Шайлоо тынч, мыйзам чегинде өтөт.

Куловдун айтымында, учурда айрым топтор тарабынан президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында жүргүзүп жаткан аракеттеринен натыйжа чыкпайт.