ДҮЙНӨГӨ - КОМПЬЮТЕРГЕ БЕРИЛҮҮ ООРУСУ ТАРАП БАРАТАТ

Нарын АЙЫП, Прага Эл арасында компьютер пайдалануу көбөйгөн сайын, анын терс жактары да көрүнө баштады, жаштар арасында болсо наркомания сыяктуу компьютеромания жана интернетомания деп аталган оорулар пайда болду. Жакында Кытайда андай жаштарды дарылаган атайын оорукана да ачылды.
Маң заттарына берлиген баңгилер өз кезегинде жаңы маң таппай калса, кадимкидей ооруйт жана бул көрүнүш - баңгилерди дарылоодогу негизги тоскоолдук. Компьютерге өтө берилип кеткен адамдар дагы интернетке чыкпай же почтасын текшербей калса, ооруй баштайт жана оору жазылышы үчүн сөзсүз компьютерге кайрадан отуруш керек. Мындай көрүнүш алгач 1980-жылдарда АКШда байкалган жана 1997-жылы америкалык доктур Голдберг баңгичилик деген сөздүн үлгүсү менен "компьютерчилик" деген да термин киргизген.

Эксперттердин баамында, дүйнө жүзүндө азыр компьютер менен иштеген адамдардын ондон бири андай ооруга чалдыккан жана компьютерсиз жашай албайт. Өспүрүмдөр арасында мындан 20 жыл мурда өткөрүлгөн сурамжылоолор - алар музыка угууну эң жакшы көрөт деп көрсөтсө, азыр өспүрүмдөрдүн бош убактысы болсо, алардын 70 пайызга жакыны компьютерге отурууга умтулат.

Психологдордун айтымында, аң сезими калыптана элек өспүрүмдөр компьютерге ылдам көз каранды болуп кетет. Андан тышкары, турмушта ийгиликке жете албаган же башка адамдар менен мамиле түзө албагандар компьютерлик ааламга жана интернетке качат, бирок алар интернетте канчалык көп убакыт болсо, мандеми да ошончолук күчөйт.

Кайсы бир компьютер оюнунда жеңип чыга албаган балдар оюнду кайра баштоого көнүп алат жана анын жыйынтыгы катары - чыныгы турмушта кетирилген каталарга көп көңүл бурбай калат. Интернет аркылуу кат жазышкандар болсо айрым учурларда өздөрүнө жаңы ысым алып, өмүр таржымалын башкаларга өзгөртүп айтып көнүп алгандан кийин, чыныгы турмушта кыйынчылыктарга дуушар болуп, өзү ким экенин унутуп калган да учурлар көп.

Компьютер оорусу боюнча биринчи оорукана АКШда 1995-жылы ачылган жана ал оорулууларды интернет аркылуу дарылаган, компьютерге көз каранды өспүрүмдөр үчүн Европадагы биринчи андай кызмат 2003-жылы Алманияда ачылды. Таиланд өкмөтү болсо ошол эле 2003-жылы өлкөдө атайын түнкү тартип киргизип, компьютер оюндарын сунуш кылган борборлордун иштешине кечки саат ондон эртең мененки алтыга чейин тыюу салган.

Жакында болсо компьютер оорусун дарылаган алгачкы оорукана Бээжинде да ачылды жана анын деректири Тао Рандын айтымында, алар бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланат:

- Биз дарылоонун бардык түрлөрүн колдонобуз. Анын негизги бөлүгүн - дары-дармектерди пайдалануу түзөт, бирок аны менен катар психологиялык консультациялар жана жаш балдар менен спорт оюндарын ойноо да колдонулат. Компьютер оорусу негизинен психологиялык ооруу жана бизге кайрылгандарды биз бардык жактан изилдеп чыгып, тийиштүү дарылоо дайындайбыз.

Орусия жана башка мурдагы советтик жумурияттарда бул оору анчалык көп тарай элек жана Маскөөдөгү "Пси-центр" деген борбордун адистеринин айтымында, оорулуулардын саны АКШ же Европа мамлекеттери менен салыштырганда, азырынча эки эсеге аз. Бирок оорунун алдын алуу үчүн азыртан чара көрүүгө тийиш жана Маскөө менен Санкт-Петербург шаарларында атайын кызматтар ачыла баштады.