Чеченстандын өкмөтү рок концертти өткөрүүгө уруксат берген жок

Гудермес шаарында 5-июлда өтөөрү белгиленген рок концерт милиция анын коопсуздугуна кепилдик бере албагандан улам токтотулган. Концерт орусиялык рок топторунун сегизи тарабынан уюштурулуп, 9 миңдей билет чечен жаштарына бекер таратылган эле.