ИРАКТА ЕГИПЕТТИН ЭЛЧИСИ УУРДАЛДЫ

Багдадда Египеттин Ирактагы дипломатиялык миссиясынын жетекчиси уурдалып кетти. Каир Ирактагы миссиясын элчилик деген даражага көтөргөн алгачкы араб өлкөсү болуп калган. Жакында Багдад бул үчүн Каирге ыраазычылыгын билдирген эле.
Көпчүлүк араб мамлекеттери Саддам Хусейн 1990-жылы Кувейтке кол салганда өз элчилерин чакыртып алган эле. Бирок уурдалып кеткен Ихаб ал-Шериф Ирактын президентине ишеним грамотасын тапшыра элек болчу.

Лондондук саясий изилдөөчү Яхья Саид Египеттик дипломаттын барымтага алынышы чын болсо, ал таң калычтуу эмес дейт:

- Египет араб дйнөсүнүн лидерлеринин бири, жана башка өлкөлөрдү да Ирак менен кызматташуусун өөрчүтүп, элчилиткерин ачууга үндөп келатат. Багдадка элчисин жиберүү менен, Каир жаңы Иракты тааныгандыгы жөнүндө жар салды.

Барымтачылар белгилүү максатты көздөшөт. Алар башка араб өлкөлөрү Египеттин жолун жолдобосун дешет. Аналитиктер ал-Шерифти козголоңчулардын кайсы тобу уурдап кетти айтуу кыйын деп ырасташат.

- Адабатчылардын көбү мусулман өлкөлөрүнөн келгендер. Иракта кармашып жаткандай эле алар өз өкмөттөрүнө да каршы күрөшүшөт. Египеттик дипломаттын уурдалышына египеттик согушкерлердин тиешеси да бар болушу ажеп эмес, - деп эсептейт Саид.

Буга чейин Иракта бир нече ирет мусулман өклөлөрүнүн жарандарын уурдоо орун алган. Атап айтканда, түркиялык жана иорданиялык айдоочулар барымтага алынган. Жакында эле башка бир египеттик дипломат Каир Иракка аскерлерин жибербей турганын бышыктагандан кийин 3 күндүк барымтадан бошотулган.

Анын аралыгында, бүгүн Иракка АКШнын Баш прокурору генерал Алберто Гонсалес келди. Гонсалес Кошмо Штаттардын мамлекеттик майрамын утурлай жасалган визит менен америкалык жоокерлерге жана Ирактын жаңы өкмөтүнө колдоо билдиргиси келгенин айтты.