Шаардык кеңештин спикери жер басып алуучуларды сотко берет

БИШКЕК. Жерди басып алууга аракет кылгандар Бишкек шаардык кеңешине моралдык гана эмес, депутаттардын керт башына кысым көрсөтүү менен чечим чыгартууну көздөшкөн. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык кеңешинин спикери Нуржамал Байболова жекшембиде жасады. Спикердин айтымында, Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы жүрүп атканда сыртта пикетте турган адамдар ага кол тийгизип, жулмалашкан.

Нуржамал Байболова 1- июлдагы окуянын катышуучуларынын бирин сотко берээрин билдирди:

-Жерге муктаждар пикетке келишти, мейли турушсун, алардын атуулдук эрки. Бирок алар шаардык кеңешке басым жасап, мени жулмалап, кол салганга чейин барышты. Алардын ичинен мен бир аялды сотко бергени жатам. Ал мага пара бергем деп жалаа жаап да атат.

Пикетчилер 1- июлда түштөнүүгө чыгып келаткан депутаттарды сыртка чыгарбай, алардан тез арада жерди бөлүү жөнүндө токтом чыгаруусун талап кылышкан. Шаардык депутаттардын чакыруусу менен түштөн кийин Ленин райондук Ички иштер башкарамалыгын 80ге жакын милиция келген.