Анжиян окуясында ооп келген өзбекстандык жарандар маселесин Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар комиссарлыгы Женевада, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттер аралык ассамблеясы Вашингтондо талкуулашты. Кыргызстанда баш калкалап турган өзбекстандык жарандардын жагдайларын иликтөө иштери аяктай элек.
Орусиялык маалымат каражаттарынын кабарлагандарына караганда, Улуттар уюмунун Качкындар боюнча комиссарлыгы Кыргызстанда убактылуу жайгашып турган өзбекстандыктарды үчүнчү өлкөгө которуу үчүн чукул аракеттерди көрүп жатат. Буга байланыштуу Женевада жума күнү комиссардын орун басары Камел Моржаненин демилгеси боюнча, Дания, Норвегия, Швеция өңдүү бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Июнь айынын акырында Кыргызстанда болгон Камел Моржане качкындык баш калка сураган өзбекстандыктарды жайгаштыруу үчүн башка өлкөлөр менен сүйлөшүү жүрүп жаткандыгын билдирген:
- Биз айрым өлкөлөр менен байланыштык… Акыркы чечимге бир нече элчилер менен жолуккандан кийин келем. Бирок Женевада мен жана менин коллегаларым айрым өлкөлөр менен иш алып барабыз. Бул өлкөлөр менен биз ар дайым кызматташып келебиз. Алар - АКШ, Канада, Жаңы Зеландия, Австралия өңдүү өлкөлөр. Алар ар дайым баш калка сураган, укугу тепселген качкындарды кабыл алып келишет.
БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарлыгынын өкүлдөрү Кыргызстан бозгундарды узак кармоого кепилдик бере албайт деп билдиришүүдө. Эл аралык уюмдар ириде Ош облусунун тергөө жайында кармалып турган 29 адамга тынчсызданып жатышат. Баш паанек сураган өзбекстандыктардын абалына тынчсыздануусун ЕККУ уюмунун парламенттер аралык ассамблеясы да 1-июлда башталган 14-сессиясында билдирди. Ага катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов буларды билдирди:
- Кыргызстанга сын айтылып кетти: Башкы прокурордун сөзү боюнча анжияндык качкындар кайра артка кайтарылат экен, алардын өмүрүнө коркунуч туулат экен деген.
Башкы прокурор Азимбек Бекназаров болсо кылмышкер экендиги далилденген шартта Кыргызстан эки тараптуу макулдашууларга ылайык тигил же бул атуулду өз мекенине өткөрүп берүүгө милдеттүү деп санайт. Ошондуктан, комиссарлык кылмышкер катары текшерүүдөн өтүп жаткандардын эмес, ириде баш паанек сурап лагерде отургандардын камын көрүшү керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал өткөн аптада билдирген:
- Мен айтып атам: 29 адамга тынчсызданбагыла, алар - кылмышкер, баары бир беребиз, текшерип бүткөндөн кийин. Андан көрө силер 400 адамды: жаш балдарды, аксакалдарды Кыргызстандан алып кетүү маселесин чечкиле деп атам.
Бирок жергиликтүү укук коргоочулар Башкы прокурордун мындай кадамга барышын жактабай тургандыгын билдирип, кайрылуу менен чыгышууда. Айрым байкоочулар болсо Анжиян окуясы Кыргызстанды ыңгайсыз жагдайга кирептер кылгандыгын белгилешип, баш калка сурагандарды үчүнчү өлкөгө чыгарып кетүү бардык тараптар үчүн ыңгайлуу экендигин белгилешүүдө.
Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын айтымында, Өзбекстан кылмышкер санаган 29 атуулга байланыштуу иликтөөлөр али соңуна чыга элек. Болжол менен ишти аяктоо үчүн дагы бир ай чамалаш убакыт талап кылынат:
- Ош СИЗОсундагы 29 адам дагы эле интервьюдан өтүп атат. Анткени, Өзбекстандын прокуратурасы аларды кылмышкерлер деп аныктама беришкен. Ошондуктан, алар интервьюдан өтүп атышат. Биз мунун баарын бүтүп, жыйынтыктап, качкын деген макамды беребизби-бербейбизби, ошондо биз чечебиз. Али бул маселе чечиле элек.