ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТИН КАЙРЫЛУУСУНА КАЙЧЫ ПИКИРЛЕР АРБЫН

Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин 28-июнда калкка кайрылуусу маалымдоо каражаттарында чоң талкууну деле жараткан жок. 24-марттагы элдик ыңкылапты экс-президент баңгиге ууланган жумушсуз жаштардын жардамы менен бийликти тартып алуу катары мүнөздөгөн.
Кыргызстан ушу тапта кыйын кезеңди башынан кечирип жатат. Ыңкылапты коштой чапчу кыйкырык-сүрөөндү, саясий өч алууну токтотуп, жаман идеяларды таштап, аракетти болочокко багыттачу кез келди, дейт Аскар Акаев. Алыста жатып алып да өлкөмө көлөкөсү тиер жаман ишти жасамак турсун, оюма алганым жок, дейт экс-президент.

Ушу тапта президенттикке ат салышып жаткандардын арасынан А.Акаев Бакиев-Кулов мунасасы кыйла алгылыктуу экенин белгилейт. Бирок да бул экиликтин иши ички саясий биримдикти чыңдап, жарандык коомдун бакыбатын көтөргөндө, жер-жерлердеги ынтымак-ырашкерликти бекемдегенде гана алдыга жылат. Ансыз улуттук жок болуу коркунучу бар.

Экс-президент кайрылуусунда кийинки кездери абыдан күчөп кеткен кине коюучулуктан арылууга, дегеле коомду жикке бөлүүчүлүктөн бийик турууга чакырат. Туңгуч президент катары Мекениме аянбай кызмат өтөдүм, эл алдында абийирим таза. Менин тажрыйбам менен билимимдин кереги эми тиет, президент шайлоодон кийин Алатоо жеринде жолугабыз, дейт Акаев.

Экс-президенттин антип алыста туруп агынан жарылган кайрылуусун колдой тургандыгын ушу тапта шайлоо атаандаштыгына чыгып алган мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди:

- Мамлекет үчүн, эл үчүн, биримдикти сактап калыш үчүн, туруктуулукту сактап калыш үчүн колдон келген бардык аракеттерди жасашыбыз керек. Ошондой эле андай аракеттерди колдойбуз деп айтканбыз.

24-марттагы элдик ыңкылаптан соң кызматынан алынган экс-министр жетектеген «Акыйкат» партиясы да түзүлгөн күнүнөн тарта эле Бакиев-Кулов мунасасын колдоп келатат.

- Чыккандан бери эле бул тандемди колдоп келатабыз,- деген пикирде К. Дүйшөбаев.

Мурдагы парламент депутаты, «Ысыккөл» инвестициялык банкынын президенти Болот Байкожоев азыр Аскар Акаевден өткөн көз каранды адам жок, бүгүнкүсү менен эртеңин ойлоп, ал ушундай кадамга барышка мажбур дейт. Себеп дегенде, экс-президенттин бийликте турган кезинде жасаган кыңыр иштеринин баары болбосо да көбүнүн бети эми ачылууда. Анын үстүнө өзү менен үй-бүлөсүнүн камын ойлоп, ал азыркы бийликтин көңүлүн алыш үчүн ушундай аракетке өтүүдө.

- Акаевдин өзүнүн айласы кетип, азыр анын эртеңки күн, мамлекет тагдыры, башка проблемалар эмес, өзүн, анан үй-бүлөсүн сакташ үчүн ушундай жолго барып атат.

Жазуучу Казат Акматов кыйла жылдар А. Акаев менен үзөңгүлөш жүргөн. Кыргызстан демократиялык кыймылынын таржымалын баяндаган «Миң бир күн» китебинде ал А.Акаев тууралуу айрым ойлорун экс-президент бийлик башында турганда эле жазган. Кыргыз тилинин абалы кыйындап, маданияты очорулуп жатканын айта коем деп кыйла жыл отурган кызматынан алынган.

- Бул кишинин жеңил ойлуулугу жөнүндө, жанагы казакмын деп, убадага тойгузуп коюп аны аткарбагандыгы жөнүндө - баары тең жанагы көк китепте бар. Мунун кемчиликтеринин баары мурда эле айтылган.

Казат Акматов А. Акаевдин кайрылуу жазышына анын жекече пенделик кызыкчылыгы түрткү берген деп эсептейт. А. Акаев алдыда күтүлүп аткан оор күндөрүн бир азыраак жеңилдетиш үчүн жаңы бийликке жагымдуу сөз айтууга аргасыз.

- Боло турган оор күндөрүн жеңилдетүүнүн айласын издеп жатат да эми. Эми жанагы комиссиянын жыйынтыгы чыкса ал үчүн оор күндөр болот го. Алардын тергөөсү бүтүп, иш сотко ашып, көп нерселер мойнуна коюлса… Мунун баары анын тагдыры үчүн өтө оор болот да. Ошон үчүн андан чыгуунун аракетин издей баштады эми. Кечээ бандит деп аткан кишиге бүгүн кошомат кылуу – бул барып турган жеңил ойлуулук да.

24-марттагы жалпы элдин жаалынан чочулаган А. Акаевдин кызматын таштап үй-бүлөсүн алып Москвага кетип калышы анын жекече пенделик кайгайына айланбастан, жалпы эле башкаруунун президенттик институтунун кадырын түшүрдү.

Конституциялык реформа демилгечилери мындан ары президент бир гана мөөнөткө - беш жылга шайланышын эп көрүп, ага тийиштүү ыйгарым укуктарынын кыйласын алып салышты.

А.Акаев ыңкылап шарданы менен буга чейин жасалган иштердин текши баарын жокко чыгарып, мурдагы жетекчиге кине тагууну токтотуп, анын тажрыйбасы менен акылын өлкө кызыкчылыгы үчүн пайдалануу сунушун билдирүүдө. Аны азыркы жаңы бийлик кабыл алабы - бул да өзүнчө суроо.

Элдик ыңкылапты жактырбаган экс-президенттин баштагы позициясын өзгөртүп Бакиев-Кулов мунасасына мактоо айтышы акыйкатта да артынан толгон-токой түкшүмөл суроолорду жаратты.