Ооганстандын түштүк –чыгыш чөкөмдөрүндө нөшөрлөгөн жаандан суулар ташкындап, беш киши курман болду

Ооганстандын түштүк-чыгыш чөкөмдөрүндө нөшөрлөгөн жаандан суулар ташкындап, бир топ үйдү алып кетти. Ташкындан бери дегенде, 5 киши курман болгондугу маалым болду. Провинциянын жетекчилигинин айтымында, суу ташкынга региондогу токойлор менен бадалдардын отунга кыйылып кетип, анын натыйжасында жер кыртышынын копшолуп, борпоң болуп калгандыгы да себеп болгон.