Жогорку Кеңеш менчиктештирүүнү кайра кароого каршы

БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттары Аскар Акаевдин мезгилинде алынган кредит, гранттардын кайсыл максатта колдонулгандыгын жана мыйзамсыз менчиктештирилген ишканаларды текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшыруу сунушуна каршы болушуп, мындай сунуш токтом түрүндө кабыл алынбай калды. Талкуу жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук комитет төрагасы Камбаралы Конгантиев мындай сунушту өлкөдөгү коомдук-саясий абалды жөнгө салуу боюнча токтомго бир пункт кылып киризүү демилгесин кайта-кайта көтөрдү. Добуш берүүгө келгенде залда отурган 51 депутаттын отуз беши каршы болушуп, сунуш кабыл алынган жок. Депутат Исках Масалиев палатанын мындай аракетин Акаевдин мезгилинде байыгандарга жан тартуу катары баалады.