Бишкекте СПИД боюнча жаңы макулдашуу кабыл алынды

БИШКЕК. 30-июнда БУУнун Өнүгүү программасынын туруктуу өкүлү Ежи Скуратович менен вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова СПИДге каршы күрөшүү боюнча 5 жылдык жаңы программага кол коюшту. Бул программа аталган эпидемияга каршы күрөшкө өкмөттүн, жарандык коомдун, ишкер чөйрөнүн лидерлерин тартуу максатын көздөйт. Программа 2010-жылгна чейинки мөөнөттү камтыйт. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда СПИДдин ВИЧ инфекциясын жугузгандардын саны 723. Алардын 36си СПИД илдети менен жабыркашат. Акыркы маалыматтар боюнча, бул илдеттен набыт болгондордун саны 27ге жетти.