Иранда президенттик шайлоонун жыйынтыгы бекитилди

Конституциялык жогорку орган – көзөмөл кеңеши кечээ Махмуд Ахмединажаддын жеңишин ырасмий түрдө тастыктады. Мурдагы президент Мохаммад Хатами жаңы шайланган мамлекет башчысын куттуктап, реформаларды улантууга чакырды. Ахмединажад экс-президенттин ишмердигин жогору баалап, Хатаминин тажрыйбасын пайдаланганга кызыкдар экенин ырастады.