ДЕПУТАТ СУРАБАЛДИЕВДИН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА ИЛИКТӨӨ КАНДАЙ ЖҮРҮҮДӨ?

Бакыт Аманбаев, Бишкек Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда киши колдуу болуп каза болгон депутат Жыргалбек Сурабалдиев боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматына тапшырылган. Улуттук коопсуздук кызмат төрагасынын орун басары Токон Мамытов иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.
- Токон мырза, буга чейин киши колдуу болуп каза болгон депутат Сурабалдиев боюнча иликтөө иштери кандай жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата кандайдыр бир жыйынтык болдубу?

-Коомчулукка белгилүү болгондой кырсыктан кийин дароо эле Башкы прокуратура, ИИМ жана Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан биргелешкен тергөө тобу түзүлгөн. Ал эми кылмыш ишин иликтөө Улуттук коопсуздук кызматына тапшырылган. Азыр тергөө жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө кандайдыр бир жыйынтыкты айтуу эрте. Анча-мынча жылыштар бар. Менин оюмча бул иштин жыйынтыгы жакын арада коомчулукка дайын болот

- Сөзүңүзгө аралжы, “эл оозунда элек жок” дегендей, депутаттын өлүмү боюнча коомчулукта түрдүүчө жоромолдор айтылууда. Тагыраак айтканда, саясий, экономикалык атүгүл мурдагы жогорку бийлик өкулдөрүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнө да байланыштырылууда. Дегеле сиздерде кандай жоромолдор такталып жатат, Алардын кайсынынсын чындыкка жакын деп айтууга болот?

-Тергөө тобу бир нече жоромолдорду айткан. Анын ичинде экономикалык, саясий жана башка жоромолдор бар. Биз бирөөгө жагабы, жакпайбы баарын иликтеп жатабыз. Бир топ жоромолдор далилденген жок. Азыр тергөө жүрүүдө.

- Ошол жоромолдордун арасынан кайсынысы чындыкка жакын болуп жатат?

- Менин оюмча азыр бул боюнча даана, толук айта албайм. Тергөө бүткөндөн кийин биз коомчулукка ачык, даана айтып, далилдеп беребиз. Ошондой эле сот жараяны ачык болот. Ошол жерден деле силер толук маалымат ала аласыздар.

- Токон мырза, бул жолу кандайдыр бир жыйынтык чыгабы же мурдагы окуялардай эле жабык бойдон калабы?

-Менин оюмча колдон келген чаралардын баарын көрүп жатабыз. Бирок бул оор кылмышка кирет. Өзүңөр билесиңер буга чейин жыйырмага жакын ушул сыяктуу кылмыштар жасалган. Алардын бирөө да ачылган эмес. Мына ошолордун катарына Сурабалдиевдин иши кошулуп калды. Бирок мен ачык айтайын, Сурабалдиевге байланыштуу иштин жыйынтыгы болот деп айта алам.