Израил премьери жөөт обосолдорун кескин сынга алды

Ариэл Шарон Газа тилкесинен жөөт маалаларын көчүрүү планына нааразылык билдирген демонстрациялар Израилдеги демократияга коркунуч келтирет деп эсептейт. Жөөт обосолдорунун үйүн сүздүрүп салуу тууралуу буйрукту аткаруудан баш тарткан бир жоокерди аскери трибунал 56 күнгө түрмөгө кести. Шарондун өкмөтү августта Газа тилкесинен жана Иордан дарыясынын батыш жээгинен жөөттөрдүн 25 мааласын көчүрүүнү пландаштырууда.