Бул тууралуу бүгүн Иран парламентинин вице-спикери Мохаммад Реза Бахонарга шилтеме берип, ИРНА жаңылыктар агенттиги кабарлады. Өткөн жума күнкү шайлоодо жеңишке жетишкен Махмуд Ахмадинежад Ирандын алтынчы президенти катары мамлекет башчысынын кызматында Мохаммад Хатамини алмаштырат.