ӨЗБЕКСТАНДЫК КАЧКЫНДАРДЫН КЭЭ БИРЛЕРИ БАШКА ӨЛКӨЛӨРГӨ ЖИБЕРИЛИШИ ЫКТЫМАЛ

Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссариаты Кыргызстанга агылган өзбек качкындарынын айрымдарын үчүнчү өлкөгө которуштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Уюм Кыргызстанда качкындардын коопсуздугу жакшы камсыздалган эмес деп эсептейт. БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан Кыргызстандын мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Бишкек келечекте качкындар жөнүндөгү эларалык мыйзамдарды сактайт деп убада бергенин билдирди.
Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча агенттигинин жогорку даражалуу өкүлү Антонио Гутеррес баш паанек издеп Кыргызстанга агылган өзбек качкындарынын күч менен кайтарылуусуна жол коюлбай турганын ырастады:

- Мен Кыргызстандын өкмөтүнөн комиссариат иликтеп жаткан 29 качкынды мекенине кайтарбай турууну өтүнөт элем. Бардык өкмөттөргө кайрылып, эларалык мыйзамдарды сактоого, элге качкын сатутусун алууга мүмкүнчүлүк берүүгө, кабыл алынган жалпы нормаларга ылайык иш алып барууга үндөйбүз.

Жакында Кыргызстандын Баш прокурору Азимбек Бекназаров 29 качкын Өзбек бийлигине өткөрүлүп берилет деп билдирген эле. Расмий Ташкен алар Анжиян окуяларына катышкан деген айып тагууда. 9-июнда болсо 4 киши мекенине кайтарылган. Алардын андан аркы тагдыры белгисиз бойдон кала берүүдө.

Дүйшөмбүдө БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев өзбек качкындарына уюмдун 1951-жылкы Конвенциясына ылайык мамиле кылынат деп сөз бергенин билдирди:

- Мен Кыргызстандын мамлекет башчысы менен сүйлөштүм. Ал бул маселени чечүүдө эларалык мыйзамдар жана качкындар боюнча конвенция урматталат деп ишендирди.

БУУнун Конвенциясында качкындар өз өлкөсүндө кыйноолорго, өлүмгө дуушар болбойт же түрмөгө отургузулбайт деген кепилдик жок болсо алар күч менен артка кайтарылбоого тийиш делинет. Кыргызстан аталган документке кол койгон өлкөлөрдүн бири.

Дүйшөмбүдө БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарынын орун басары Камел Моржане Кыргызстандагы 3 күндүк сапарын аяктады. Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Моржане агенттик кыргыз өкмөтүнүн аракеттерине колдоо көргөзөөрүн, бирок мындан кийин 9-июнь күнкү өңдүү окуяларды үн чыкпай карап отура бербей турганын айтты.

Гутеррес да кыргыз өкмөтү “белгилүү бир чектен” чыкпоого тийиш деп, анын мекемеси качкындарды текшерип, аларга “качкын” деген макамды ыйгарууда көп тажрыйба топтогонун белгиледи:

- Биз качкындар БУУнун конвенциясына ылайык корголууда деп ишенимдүү болушубуз керек. Албетте, бул эреже баш паана сураганга чейин, өз өлкөсүндө кылмыш жасаган кишилерди камтыбайт.

Айрым маалыматтарга караганда, Өзбекстандын коопсуздук органдарынын кызматкерлерине Кыргызстандагы качкындар лагерлерине барып, баш калка сурагандарды издөөгө уруксат берилген. Өзбек бийлиги алардын жакындарын ала барып, качкындарды үйлөрүнө кайтууга көндүрүүгө аракет жасашууда. “Мындай кабарлар БУУну өзгөчө камтама кылат”, - деди Гутеррес.

- Мени бул жагдай абдан тынчсыздантат. Какчын макамын берүү үчүн текшерүү аяктагандан кийин өзгөчө коркунучка кабылгандарды үчүнчү өлкөгө которуу мүмкүнчүлүгүн караштырып чыгуубуз абзел.

Жогорку Комиссариаттан маалымдашкандай, андай өлкөлөрдүн ичинде Австралия, Канада, Жаңы Зеландия жана АКШ болушу ыктымал.