КЫРГЫЗЧА ТҮШ ЖОРУГАН БРИТАНИЯЛЫК ОКУТУУЧУ

  • Ырысбай Абдыраимов
Улуу Британиянын Кембридж университетинин окутуучусу Ник Мегарон орус тилдүү кыргыздардан айырмаланып, кыргызча ырдайт, сүйлөйт. Кыргызчаны Нарында жана Ошто болгон кезинде үйрөнгөн. Жалалабатка өзбек бозгундарынан кабар алганы келген англис окумуштуусун аймактагы кабарчыбыз кепке тарткан.
- Ник мырза, бул ирет сиз Кыргызстанга кандай максат менен келдиңиз?

- Мен Кембридж университетинин изилдөөчүсүмүн. Коомчулук жана саясий география боюнча изилдеп келдип.

- Кыргызчаны кайдан, кимден үйрөндүңүз эле?

- Мен 1998-жылы Нарынга барып төрт айдай жашап, сабак алгам. Кийин түштүккө келип, Ошто жашап, филфакта иштеген бир мугалимден бир жыл ичинде сабак алдым.

- Кыргызча кипетерди, гезиттерди окуй аласызбы?

- Албетте. Менде миңдеген кыргызча жазылган китептер бар. Бир кыргыз таанышым ай сайын мага жаңы чыккан гезиттерди Англияга жөнөтүп турат.

- Мисал, кыргызча кайсы китептердин аттарын атай аласыз, кандай гезиттерди алып турасыз?

- Мага ар кандай коом жөнүндө жана акындар тууралуу китептер аябай жагат.

- Барпынын ырларынан билесизби?

- Жаттаганым жок, бирок сөздүк менен окуп жүргөм. Кээ бир сөздөрдү түшүнбөйм.

- Сиз кыргызча ырларды билесизби? Эгер билсеңиз бир-эки ырды ырдап берсеңиз?

-Макул, ырдап берейин:

Чолпонум деп ат коюп,
Чоң казалды баштадым.
Аялзаттан сенчелик
Ашкан сулуу таппадым.

- Сиз аткарган ыр кимдин ыры?

- Бул Жолболду Алибаевдин ыры. Бул мага эң жаккан азыркы мезгилдин кыргыз ырчысы.

- Элибиздин кандай сапатттары сизге жакты?

- Жакшы нерселери – меймандостук. Мен Ошко биринчи жолу 1997-жылы келгем. Келгенде эч кимди таанычу эмесмин. Автобустан түшүп бир кыргыз жигит менен таанышып калдым. Ал жигит кайда турасың деп сураганда, мен жашаган жайым жок десем, мени биз менен жүрү деп айткан. Алар менен үч ай жашагам. Ижара акысын төлөйүн десем капа болушкан. Жок, сен коноксуң, ушундай меймандостук Англияда жокпу деп.

- Кыргызстандан кандай терс жактарды байкадыңыз?

- Көп киши кыйналып жатышат, жумуш жок, акча табуудан кыйналышат, ал кыйын. Жалпы айтаканда чегара маселеси да кыйын. Жөнөкөй карапайым калк кыйналып жүрүшөт.


- Өзбек бозгундары тууралуу Батышка туура маалымат жетип жатабы?

- Өзбекстандан келген качкындар жөнүндө маалымат алганы келгем. Ар кайсы мамлекетте ар кандай маалымат берилген. Мисалы, Батышта алар ок атылган үчүн качып келишкен деп айтышкан. Ал эми Орусияда болсо алардын бардыгын террорист деп айтышкан.

Рахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик!