Конституциялык реформа Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат

БИШКЕК. Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбоору элдик талкуудан түшкөн алымча-кошумчалардын негизинде президенттик шайлоодон кийин эки айдын ичинде кабыл алынат. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунуш кылынган мындай келишимге президенттин милдетин аткаруучу, президенттикке талапкер Курманбек Бакиев макул болуп кол койду. Бул тууралуу «Азаттыкка» президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев билдирди. Ошондой эле Нарынбаевдин айтымында, мындай келишимге ылайык Конституциялык реформа референдум аркылуу эмес, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алына турган болду.