Сентябрга чейин «Салык кодексинин» жаңы долбоору иштелип чыкмай болду

БИШКЕК. «Салык кодексинин» жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча өкмөттүк комиссия 27-июнда алгачкы отурумун өткөрдү. Отурум эксперттик топ түзүп, ага «Салык кодексинин» долбоорун сентябрга чейин иштеп чыгууну тапшырды. Жаңы долбоор кошумча нарк салыгын, рыноктук эмес салыктарды жоюу, мүлккө салыкты киргизүү өңдүү жоболорду камтыйт. Экономикалык кылмыштуулукту териштирүүлөрдү бир мекемеге бириктирүү зарылдыгы да отурумдун катышуучулары көтөргөн олуттуу сунуштардын бири болду. Сентябрь айына чейин комиссия Капиталды легалдаштыруу жөнүндө, Советтик мезгилден бери келаткан карыздарды кечүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну белгиледи.