ЧЕТ ЖЕРДЕ ЖҮРГӨН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ

Өлкөдөгү жумушсуздуктун айынан 500 миңден ашуун кыргызстандыктар Орусия, Казакстанда убактылуу иштеп жүрүшөт. 24-25- июнда Бишкекте алардын көйгөйлөрү талкууланган “Кыргызстандын социалдык- экономикалык өнүгүшүнө чет элдеги кыргызстандыктардын ролу жана мааниси” аттуу конференция өттү. Анда чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын көйгөйлөрү, алардын алдыдагы президенттик шайлоого катышаар-катышпасы тууралуу да сөз болду.
Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясынын демилгесин “Сорос- Кыргызстан” фонду колдоого алган конференцияга Орусия жана Казакстандын 25 шаарынан кыргыз маданий борборлорунун өкүлдөрү катышты. Жыйынга катышкан президенттин администрация жетекчиси Үсөн Сыдыков өлкөдөгү жумушсуздуктун айынан миңдеген кыргызстандыктар чет жерде иштөөгө аргасыз болуп жатканына токтолуп, эмгек мигранттардын укуктарын коргоо, аларга камкордук көрүү үчүн жаңы структура түзүүнүн зарылдыгын айтты:

- Мигранттардын укуктарын коргоо боюнча өзүнчө комитет же мамлекеттик комиссия түзүүнү сунуштап жатабыз.

Жогорку кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков чет өлкөлөрдө иштеп жүргөндөрдүн укуктарын коргоого алган мыйзамдын долбоору иштелип жатканына токтолду. Конференциянын катышуучуларына өлкөнүн социалдык фондусунун төрайымы Ольга Лаврова Орусияда иштеп жүргөндөр пенсиялык фондго кандайча жол менен каражат төлөп турушун түшүндүрдү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов да алдыдагы президенттик шайлоодо Орусиянын жана Казакстандын 13 шаарында добуш берүү үчүн шайлоо участоктору уюштурулуп жатканын айтып, шайлоого катышуунун шарттарынан кабар берди:

- Орусия менен Казакстанда убактылуу иштеп жүргөн мекендештер шайлоодо добуш берүүсү үчүн 13 шаарда шайлоо участоктору иштейт. Орусия менен Казакстанда легалдуу иштеп жүргөн, убактылуу каттоого алынбаган, бирок Кыргызстандын паспорту бар атуулдарыбыз ошол аймактагы шайлоо участокторуна катталып, президенттик шайлоодо добуш бере алышат.

Паспорт маселесинин айынан кыргызстандык атуулдар аргасыздан айып төлөп же эч жакка чыга албай турганын Алматыдагы кыргыз маданий борборунун өкүлү Заирбек Стамалиев белгиледи:

- Көпчүлүк атуулдардын паспортунун колдонуу мөөнөтү бүтүп же эскирип, ошонун айынан айып таркан учурлар арбын болууда. Жаңы паспорт алуу маселесин да жеринде, элчиликтерде чечип берүүнү эсиңиздерге алсаңыздар.

Москвага кыргызстандыктар көп барып, иш таба албай кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын, кош атуулдук маселеси чечилсе дурус болоорун Москвадагы “Кыргыз биримдиги” коомунун төрагасы Эсенкан Соурбеков айтты.

Орусияда бутуна туруп, таанылып калган кыргыз ишкерлери Кыргызстанга инвестиция алып келүүдөн чочулап турганын Екатеринбургдагы “Кыргыз- Урал” фондусунун төрагасы Кадыр Бусурманкулов мындайча белгиледи:

- Чынында бутуна турган ишкерлерибиз да бар. Бирок алар Кыргызстанга келип, биргелешип иштөөдөн коркуп турушат. Себеби, эртеңки күнү ишканасын тартып албайт деп эч ким кепил боло албайт. Жаңы президент шайлангандан кийин балким, башкача шарт түзүлөөр.

Ушундай иш –чара, конференция төртүнчү ирет өткөрүлүп жактанына карабай укуктук маселелер көңүл борборунда турганына, Орусия менен Казакстанда убактылуу иштеп жүргөн кыргызстандыктар өлкөнүн экономикасына олуттуу салым кошуп жатканына “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Мухтар Өмүракунов токтолду:

- Орусия менен Казакстанда убактылуу иштеп жаткан кыргызстандык атуулдардын санын так билүүгө мүмкүн эмес. Айрым атуулдарыбыз эч кандай каттоого алынбай иштеп жүрүшөт. Орусияда эле 300 миңдей кыргызстандык жарандар убактылуу каттоого алынса, ал эми Казакстанда 100-150 миң кыргызстандык жарандар иштеп, убактылуу жашап жүргөнү тууралуу элчиликтерибиз маалымат берген. Ошондуктан президенттик шайлоого биздин мекендештерди катыштыруу маселесин биз жарым жылдан бери көтөрүп келатабыз. Айрым маселелер чечилип калды. Эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү дале чечилбей турат.

Бул жыйынга чакырылган өлкөнүн айрым жетекчилери тоотпой келбей койгонуна Иркутск шаарындагы кыргыз маданий борборунун жетекчиси Нышанбек Монотбаев капа болгонун жашырбады.

Конференцияда чет өлкөлөргө барып иштеп жаткан кыргызстандыктар да Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө олуттуу салым кошуп жатышканы, алардын укуктары, паспорттук виза, убактылуу каттоо, эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү, Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алып жатышкан кыргызстандыктардын абалы, биргелешкен ишкерликти өнүктүрүү жана башка толгон-токой маселелер талкууга алынып, сунуштар айтылды.