Текшерүүчүлөр АКШнын Ооганстан, Ирак жана Гуантанамо-бэйдеги абактарына баруу өтүнүчү менен Вашингтонго былтыр эле кайрылганын, бирок Кошмо Штаттары азыркыга чейин жооп бербей жатканын билдиришти. Топ ошол аскерий түрмөлөрдөгү кыйноолор, адам укуктарынын одоно бузулушу тууралуу улам пайда болуп жаткан маалыматтарды иликтеп чыгууну көздөгөн эле.