А. Акаев: “Комиссия конкреттүү күнөө койо алган жок”

БИШКЕК. 21-июнда Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев «Азаттык» радиосунун орус кызматына берген интервьюсунда ал өзү жана үй-бүлөсү өлкөдөгү президенттик шайлоо алдындагы саясий оюндарга катышпайт деп билдирди. «Бишкекте азыр Кыргызстандагы бардык жаман иштерди Акаевдердин үй-бүлөсүнө төңкөрүү адатка айланды», деп айткан Аскар Акаев вице-премьер-министр Данияр Үсөнөв жетектеген комиссия ага жана анын үй-бүлөсүнө эч кандай конкреттүү күнөө койо алган жок деп маалымдады:

- Данияр Үсөнөвдун комиссиясы бизге эч кандай конкреттүү күнөөлөрдү койо алган жок. Мунун баары саясий максатарды көздөгөн кампания.

Ал эми Баш прокурор Азимбек Бекназаров 21-июнда Москвага барган тергөөчүлөр Аскар Акаевди Кыргызстандын Москвадагы элчилигине чакырып, көрсөтмө алуу аракетин көрүшөөрүн «Азаттыкка» шаршембиде билдирди. Буга чейин Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович экс-президент Башкы прокуратуранын сурагына келбейт деп билдирген. Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, Орусия менен Кыргызстандын прокуратура органдары Минск Конвенциясынын негизинде өз ара укуктук жардамдашуу жүргүзүшөт.