Иерусалимде бүгүн Израил менен Палестинанын экинчи саммити өтөт

Бул - Израилдин премьер- министри Ариэль Шарон менен Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Абасстын экинчи жолугушуусу болмокчу. Анда Израилдин август айында Газа секторунан жана Иордандын Батыш жээгинин бир бөлүгүнөн жөөт конуштарын жоюу жана аскерлерди алып кетүү планына байланышкан маселелер талкууланмакчы. Саммиттин алдында кечээ Иордандын Батыш жээгинде "Исламчыл жихад" уюмунун согушкерлери бир жөөттү атып салышты. Ал эми Эрец деп аталган көзөмөл бекетте жөөт аскерлери Израилге жардыруучу зат алып өтүүгө аракеттенген палестиналык аялды кармашкан.