Бишкектеги баш-аламандыкка мыйзамдык баа берилүүдө

БИШКЕК. 17-июнда өкмөт үйүн басып алууга аракет кылган адамдардын башында туруп, уюштургандар аныкталды жана бул окуя боюнча кылмыш иши козголот. Бул тууралуу ушул эле күнү түштөн кийин биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, окуяга мыйзам алкагында Улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги жана прокуратура баа берүүдө. Андан тышкары Феликс Кулов 24-марттагы ыңкылаптан кийинкидей талап-тоноолор болбойт деп расмий түрдө билдирип, андай көрүнүштөрдүн алдын-алуу аракеттери көрүлгөндүгүн кабарлады. Ал эми нааразылык акциясына чыккандарга каршы газ чачуу элге каршы курал колдонуу деп бааланбай тургандыгын жана ал мамлекеттик имараттарды коргоодо пайдаланылчу ыкма экендигин билдирди.

Ал эми «Атуулдар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун төрайымы Төлөкан Исмаилова кыргыз бийлиги нааразы болгон элдин талабын тынч сүйлөшүү жолу менен чече албай, газ колдонгондугуна укук коргоочулар катуу тынчсызданып жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, бийлик элдин мындай нааразылыгын болтурбоо үчүн алдын-ала чара көрө албай жатат.