БИШКЕК. 17-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту президенттикке талапкер болууга умтулган Урмат Барктабасовдун арызын карап баштады. Урмат Барктабасов арызында Борбордук шайлоо комиссиясынын 13-июндагы өзүн талапкерликке каттабай койгон чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн. Сотко БШКнын өкүлү катары катышып жаткан юрист Гүлбара Калиеванын билдирүүсү боюнча, Урмат Барктабасовдун Казакстандын жараны экендигин билдирген тиешелүү күбөлүк кат Казакстандын Ички иштер министрлигинен келгенден кийин башка өлкөнүн атуулу катары каттоого алынган эмес. Ал эми Урмат Барктабасовдун өкүлдөрү күбөлүк кат жалган деп, анын 1992-жылдан бери Балыкчы шаарында каттоодо тургандыгын далилге тартып жатышат. Ал эми БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов кандай нааразылык акциялары болбосун мурдагы чечим кайра каралбасын 17-июнда билдирди. Сот ишти кароону дүйшөмбүдө улантат.