ЖАЛАЛАБАТ. Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүнүн Сасыкбайбулак участкасында баш калкалап турган өзбекстандык бозгундардын арасынан 17 адам милициянын коштоосунда Жалалабат шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына жеткирилди. Мындай маалымат 17-июнда облустун прокурору Байтемир Ибраевден алынды. Анын маалыматы боюнча, бул адамдар Өзбек Республикасында ар түрдүү кылмыштарды жасаган деген маалыматтар түшкөн. Жалалабатта бул кишилердин ар бири менен жекече сүйлөшүү жүргүзүлгөндөн кийин, алар Ош шаарындагы убактылуу тергөө абагына өткөрүлүп берилет. Буга чейин Анжиян митингиндеги элдик толкундоодо түрмөдөн бошотулган 12 адам да Жалалабат, андан кийин Майлысуу шаардык ички иштер бөлүмүндө кармалып, кийин Оштогу СИЗОго өткөрүлгөн. 17-июнда миграция департаментинин түштүк бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, бозгундар лагеринде 427 адам калды, алардын он жетиси бала жана жетимиш сегизи аял.