Стивен Янг: “Президенттик шайлоо таза өтүшүнө кайталангыс шарт түзүлдү”

БИШКЕК. Кыргызстанда президенттик шайлоонун эң таза, калыс өтүшү үчүн Борбор Азиянын тарыхында болуп көрбөгөндөй кайталангыс мүмкүнчүлүк түзүлүп турат. Мындай пикирин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг журналисттер тобуна берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, АКШ өкмөтү жана элчилик шайлоонун калыс, таза өтүшү үчүн шарттарды түзүүгө Кыргыз өкмөтүнө көмөктөшүүгө даяр. АКШ Кыргызстанга бөлгөн 4 миллион доллардын 2,7 миллион доллары ушул максатка ыйгарылган. Ал эми Кыргызстанга жалпысынан 1992-жылдан тарта 100 миллион доллар каражат бөлүнгөн. Алардын басымдуу бөлүгү антитеррордук «Ганси» авиабазасын Кыргызстанга жайгаштыргандан кийинки учурга туш келет.