Укук коргоочулар тармагы түзүлдү

БИШКЕК. Кыргызстанда АКШнын ЮСАИД программасынын жана Фридом Хаус долбоорунун колдоосу менен укук коргоочулардын «Азаттык үнү» («Голос Свободы») деп аталган жамааты түзүлдү. Анын курамына атуулдук коомдордун, журналисттердин, юристтердин, коомдук ишмерлердин 40 чамалаш өкүлү кирди. Алар реформаны алдыга жылдыруу, адам укугуна байланышкан кырдаалды жакшыртуу максатын көздөшөт. Уюм запкы көрсөтүү, мыйзамсыз кармоо, камоо, тынч жыйындарды өткөрүү багытында иш жүргүзөт. Бул тууралуу маалыматты 16-июнда Фридом Хаус уюму таратты.