БИШКЕК. Бишкекте Максим Горький атындагы аянчада темир жолчулардын ачкачылык акциясы уланууда. 15-июнда ачкачылыкта темир жол башкармалыгынын 11 кызматкери отурду. Алар башкармалыктын жетекчилигине адисти дайындоо, мурдагы жетекчи Нариман Тулеевдин алып келген адамдарын башкармалыктан кетирүү, унаа жана коммуникация министри Ишенбай Кадырбековду кызматынан четтетүү талаптары менен турушат. Нааразылык чаарада отургандар темир жол башкармалыгынын азыркы жетекчиси Кыдыкбек Исаев Нариман Тулеевдин көрсөтмөлөрү боюнча иштөөдө деген пикирлерин айтышууда. Ал эми Нариман Тулеев 15-июнда «Азаттыктыктын» кабарчысына ачкачылыкта отургандардын айткандары негизсиз деп билдирди. Ал ошондой эле учурда жеке ишкердик менен алектенип жаткандыгы жөнүңдө маалымдады. Темир жолчулардын ачкачылык акциясы бул ирет 7-июнда башталган. Буга чейин да темир жолчулар 26-апрелден 18-майга чейин Нариман Тулеев кызматынан кетсин деген талап менен ачкачылык акциясын өткөрүшкөн.