НАРААЗЫЛЫК АКЦИЯЛАРЫНЫН БАШЫНДА ҮСӨН СЫДЫКОВ ТУРАБЫ?

Март ыңкылабынан кийин күч алган нааразылык акцияларына ушул айда Ош менен Карасууда болгон окуялар кошумча болуп, азыр коомдо карама-каршы ойлор күчөдү. Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган саясатчылардын көбү башаламан окуяларды бийлик башында тургандар уюштурууда деп кинелешүүдө.
Жогорку соттун ишин эки ай бою үзгүлтүккө кириптер кылган нааразылык акциясы басыла электе Каракече көмүр кенин басып алуу, Карасуу базарындагы кеңсени талкалоо, Ош шаарындагы «Алай» мейманканасынын жанындагы ок атуу жана депутат Жыргалбек Сурабалдиевди атып өлтүрүү өлкөнүн саясий-коомдук турмушун удургутуп салды. Көпчүлүк саясат таануучулар бул бутуна жакшы тура элек жаңы бийлик өкүлдөрүнүн таасир, бийлик чөйрөсүн өз ара талашуу саясатынын алгачкы натыйжасы деп жатышат.

Алардын бири Карыбек Байбосунов мындай пикирде:

- Бул жерде көп жактуу күрөш жүрүп жатат. Анын эң орчундуусу бийликке жетүү күрөшү болууда. Анан бийликте тургандардын өзүндө да ич ара биримдик жок болуп жатат. Алар колуна тийген бийликти жакшы пайдалана албай, аны уюштура албай жатат. Анын үстүнө Акаевдин доорунда мурдатан башталган чагымдарды өчүрө алышкан жок. Ошондуктан ошол чагымдар шайлоонун алдында өзүнүн туу чокусуна жетип отурат.

Ал эми Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары Карасуу менен Оштогу окуяларды жана Жогорку соттун алдындагы нааразылык акциялар президенттик администрациянын жетекчиси Үсөн Сыдыковдун жеке көрсөтмөсү менен болуп жатат деп кинелешип, аны кызматтан кетирүү талабын өткөн жумада президенттин милдетин аткаруучуга жөнөтүштү.

Депутат Баяман Эркинбаев мындай оюн парламентте:

- Мына ушуну уюштуруп жаткан кээ бир адамдар аныкталып жатат. Тополоң салган балдардын өзү «Биздин үстүбүздө ишенимдүү калканчыбыз бар, Үсөн Сыдыковдон ушундай көрсөтмө алдык» деп айтып жатышат. Ошондуктан, акылы жетпеген балдар ушундай тополоңдуу иштерге барып жатышат. «Шамал болбосо бактын башы кыймылдабайт» дейт. Бирок ишенбейин десең Үсөн Сыдыковдун күйөө баласы ошол балдарга акча берип жөнөтүп жатат… - деп билдирип, басып алуулардын башында Үсөн Сыдыков өзү турган үчүн тополоң салууга күн мурунтан даярдык көргөн адамдарга каршы милиция аракет көрбөгөндүгүн далилге тартты.

Мындан тышкары эл арасында жер алуу үчүн чатак чыгаргандардын да, Жогорку соттун алдында пикетке чыккандардын жана аларды имараттан кууп чыгып, жарадар кылган топтун да башында Үсөн Сыдыков турат экен деген имиш кептер байма-бай айтылууда.

Президенттик администрация жетекчиси Үсөн Сыдыков болсо коом ичиндеги мындай имиш сөздөр менен депутаттардын дооматына эч кандай негиз жок деп, аларды төмөнкүчө четке какты:

- Акыл менен караганда өзүң олтурган жерге өзүң чок саласыңбы? Бул эч бир чындыкка туура келбеген сөз. Мына Карасуу базарындагы чатак ошол базар ээлеринин ортосунда пайданы ким көбүрөөк алат деген талаштан келип чыккан. Ошонун ичинде карапайым эл курал болуп жатат. Биз бул иш туура эмес экендигин губернатор менен район акимине катуу эскертип, токтотууну талап кылып жатабыз. Ал эми «Алай» мейманканасындагы талашта жаатташып, бири-бирине карама-каршы болгон тараптардын ортосуна түшүп, милициянын кызматкерлери түнү бою турду. Демек, бул иштерге бизди аралаштырбасын. Мамлекеттин жетекчилери мындай иштерге эч качан барбайт. Анда биздин эч кандай кызыкчылык жок.

Үсөн Сыдыковдун айтымында, депутаттар өз тааныш, жакындарына кызмат берүү өтүнүчүн аткарбай койгондон кийин улам доомат артып жатышат.

Саясат таануучу Карыбек Байбосуновдун баамында, башаламан окуяларды президенттик администрация башчысынын аты менен байланыштырууга мамлекеттик бийликтин азыр башында тургандардын алысты баамдап көрө албастыгы жана түптөлүп келаткан көйгөйлөрдүн алдын-ала билбестиги негиз берүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Сооронбай Жээнбеков болсо, буга мамлекеттик бийликтин баштан аяк коррупциялашып, тартип коргоо органдарынын кылмыш дүйнөсү менен биротоло жуурулушуп калганы түрткү болууда деген пикирде.

Ал эми Башкы прокурор Азимбек Бекназаров мыйзамсыз окуяларга Үсөн Сыдыковдун атын аралаштыруу депутаттардын жеке кызыкчылыкты көздөгөн аракеттеринен улам чыгып жаткандыгын белгиледи:

-Менин оюмча депутаттар ар бир көрүнүштү саясатташтырганды токтотушу керек. Суроо берип жаткан депутаттардын баары талаш-тартыш жүрүп жаткан округдардан шайлангандар. Өз округдарындагы маселени парламентке алып келип талкуулагандан улам коомдо туруктуулук бузулуп жатат.